Connect with us

COVID-19: Акыркы суткада 11 миң 322 адам эмделди

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 267 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 11 миң 322 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Мунун ичинен 5 миң 207 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 115 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 43 миң 888 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 823 миң 787 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Белгилей кетсек, өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM