Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу өчөт

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 204 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаарынын айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин Эне-Сай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарынын суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу суу болбойт.

«Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат», — деп жазылган маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM