Биз менен байланышыңыз

Мамлекет кризистик борборлордун каржысын көбөйтөт

Коом | 15 Ноя 2021 | 825 | 0

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Мисалы, былтыркы жылдын жети айынан быйылкы жылдын жети айында миңден ашуун факты катталган. Мындан улам Министрлер кабинети кризистик борборлорго мурдагыдан да көбүрөөк акча бөлүүгө убада берди.

Бүгүнкү күндө коомдук жайлардан кордук көргөн аялдардын видеосу социалдык тармактарга тарап жатат. Ал эми Ички иштер министрлиги ачыкка чыкпай калган окуялар мындан да көп экенин айтат.

Укук коргоочулар бул көрүнүш кыздардын, аялдардын укугу корголбой жатканынан кабар берерин эскертишүүдө. Ошол эле учурда өз укугун так билбегенден улам зомбулукка кабылган аялдар да жок эмес.

«Сезим» кризистик борбору 25 жылдан бери гендердик теңчилик жана үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү жаатында иштеп келет.

Борбордун директору Бүбүсара Рыскулова мамлекеттин кризистик борборлордун каржысын көбөйтүү демилгесин колдойт. Бирок ал каражаттын туура пайдаланылышы көзөмөлдөнүп, жыйынтыгында конкреттүү иштер жасалышы керектигин белгилейт.

«Өлкөдө 15 кризистик борбор иштейт. Аларга мамлекет жардам бериши керек. Учурда мамлекет тарабынан 20 млн сом бөлүнүп жатат. Бирок алар бөлүнгөн каражаттын каякка жумшалып жатканынан кабардар болушу керек. Негизи мындай борборлорго кайрылган аялдар көп. Биздин борборго да кайрылса болот. Бул жерде психологдор, психотерапевттер, адвокат жана юристтер кызмат көрсөтөт. Убактылуу жашаганга жай бар. Көбүнчө алыскы аймактардан келген аялдар ар кандай абалда кайрылышат. Кээ бири 4-5 баласы менен келет. Жата турган жер чектелүү болгондуктан, кээде кабыл албаганга туура келет. Азыр мамлекеттик кризистик болбор ачылып калып, батпай калгандарды ошол жакка жөнөтөбүз. Мындай борборлорду дагы көбөйтүү керек».

Расмий маалыматтар боюнча, быйыл жыл башынан бери 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми өткөн жылдын жети айында 6060 окуя болгон. Быйыл ички иштер органдары тарабынан 7316 жаранга убактылуу коргоо ордери берилген. Бул 2020-жылдын жети айына салыштырмалуу 1179га көп.

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Таалайбек Алижанов үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аны болтурбоо максатында «Милициянын көчмө кабылдамасы» долбоору иштеп жатканын билдирди.

«ИИМ бул маселе боюнча көптөгөн иштерди жасап жатат. Азыркы учурда долбоордун алкагында республиканын аймактарында милициянын 50 көчмө кабылдамасы иштеп жатат. Алардын максаты алыскы райондорго барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Ошондой эле кыз ала качуу боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. 2021-жылдын 9 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 8893 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми мурдагы жылы 8561 окуя катталган. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга карата 7826 убактылуу коргоо ордери берилген. Зомбулук жасаган жарандар мыйзам чегинде жоопко тартылат».

Ачык булактагы маалыматтарга таянсак, аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) 170 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 97-орунда турат. Тактап айтканда, Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө экенинен кабар берет.

Юрист Таалайгүл Токтакунова азыркы учурда бул көйгөйдүн алдын алууда кризистик борборлордун тийгизген таасири чоң экенин айтат. Ал үй-бүлөлүк зомбулуктун келип чыгуу себептерин түшүндүрүп берди.

«Чынын айтканда, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун көрсөткүчү жогору. Тилекке каршы, биздин кыз-келиндер өзүнүн укуктарын жакшы билишпейт. Коргонуу жолдорунан да кабары жок. Көбүнчө аёосуз тепки жеп, көчөдө калганда гана айла жоктон тиешелүү органдарга кайрылып жатышат. Алардын деңгээлинин төмөн экенинен кабар берет. Ошого байланыштуу кризистик борборлорду колдоп, аларды көбөйтүп, жайылтуу зарыл. Ал жактан моралдык жардам алышат. Психолог, психотерапевт жана юристтерден акысыз кеңеш алуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошол жактан өзүнүн укуктарын тереңдетип билип алышса болот».

Министрлер кабинети 2022-жылы аялдар кризистик борборлорун каржылоону 3 эсеге көбөйтүп, 20 млн сомго чейин бөлө турган болду. Быйыл кризистик борборлор үчүн 7 млн сом бөлүндү.

Мындан сырткары дагы 5 млн сом аялдардын бул багыттагы маалыматын тереңдетүү максатында коомдук уюмдарга мамлекеттик заказ катары бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM