Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 38 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 479 адам вакцинанын биринчи дозасын, 559 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 38 миң 427 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 817 миң 530 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.