Connect with us

COVID-19: Өлкөдө 1 миң 38 адам коронавируска каршы вакцина алды

Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 308 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 38 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 479 адам вакцинанын биринчи дозасын, 559 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 38 миң 427 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 817 миң 530 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM