Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада үч коло медаль утушту

Кыска кабар | 13 Ноя 2021 | 435 | 0

Кыргызстандык окуучулар Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн Ахмад аль-Фергани атындагы физика боюнча I эл аралык олимпиадада 3 коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Мелдеш ушул жылдын 8-ноябрынан 13-ноябрына чейин өткөн, ага 19 өлкөдөн барган окуучулар катышты. Кыргызстан офлайн форматта катышты.

Олимпиадага Кыргызстандын курама командасындагы 8 окуучуну мугалимдерден Садирбек Муратов, Доктурбек Кудашов жана Сүйүн Умаровалар коштоп барышты.

Жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары: Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад) жана Бекали Гартман (Чүй) коло медалдарды жеңип алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM