Биз менен байланышыңыз

Чакан ГЭС кура турган компанияларга күбөлүк берилди

Экономика | 16 Ноя 2021 | 1543 | 0

Кыргызстандагы чакан ГЭСтерди, Күн жана шамал электр станцияларын курууну каалаган 20 компанияга күбөлүк берилди. ГЭСтерди куруу долбоорлору 2022-жылдын 1-мартына чейин ишке ашырылышы керек. Күбөлүк алган компаниялар электр энергиясын өндүрүп, аны сатууга, жеткирүүгө укуктуу болот. Жалпысынан өлкө боюнча 48 чакан ГЭС куруу пландалууда.

Кыргызстандагы ишканалар жалпысынан 639,5 мВт кубаттуулук бере турган станцияларды ишке киргизет. Өкмөт өз күчү менен Бала-Саруу ГЭСин кура баштады, мындан тышкары Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл, Төрт-Күл гидроэлектростанцияларын куруу планда бар экени айтылды.

«Сандык-1» өндүрүштүк ишканасынын башкы инженери Асылбек Сариевдин айтымында, берилген күбөлүк чакан ГЭСтерди мыйзам чегинде салууга укук берет. Ал ошондой эле Кыргызстандагы инвесторлорго жеңилдиктер каралат деген үмүттө.

«Арызды алты ай мурун жазгам. Учурда электр энергияга болгон тариф төмөн. Бул күбөлүксүз инвесторлор бизге келбейт. А бул статус мындайча айтканда, инвестор үчүн жогорку тариф дегенди түшүндүрөт. Тагыраагы, мамлекет инвесторлого мүмкүнчүлүк жаратканын кошумчаласак болот. Өзүбүздүн ички инвесторлордун өсүшүнө шарт түзөт».

Күбөлүк алган ишканалар Энергиянын кайра жаралуу булактары (ЭКБ) мамлекеттик реестрине киргизилет. ЭКБ реестри – бул бардык энергиянын кайра жаралуу булактарын мамлекеттик каттоого алган бирдиктүү система.

Күбөлүк алган компаниялар кайра жаралуу булактары аркылуу электр энергиясын өндүрүп, аны сатууга, жеткирүүгө укуктуу. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстанда атайын эсептөөлөрдөн кийин чакан ГЭСтер өндүргөн электр энергиясын мамлекет 3 сом 27 тыйындан сатып аларын билдирди. Элге мурдагы эле баа 77 тыйындан сатылат.

«Инвестор жок деп айтышат, мына өзүбүздөн эле инвесторлор чыгып, сырттан да инвестор тартып келе жаткандары арбын. Биринчи кезекте, өкмөткө, экинчиси, мамлекетке чоң жардам. Электр энергиясын башка жактан да импорттоп сатып алып жатабыз. Эгерде өзүбүздөн эле сатып алсак, өнүгүү болот, атаандаштык алдыга чыгат. Бул өкмөткө да, өздөрүнө да жардам болмок. Кыргызстандагы инвесторлорго колдоо көргөзсөк, бизде ички рынок түзүлөт. Күбөлүк алуу менен реестрге кирип, бизде расмий катталат. Андан ары ишти баштаганга уруксат берилет деген сөздү түшүндүрөт. Буга чейин айыл өкмөт жана башка органдардан уруксат кагазын алуу үчүн алагды болуп калып жүрүшкөн, көп убактысы текке кеткен. Тактап айтканда, биз менен келишимге кол коюлгандан тарта бул ГЭСтин ээлери өкмөттүк компанияларга электр кубатын 15 жылдык кепилдик менен сата алат дегенди билдирет». 

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев «Маралга» берген маегинде эң негизги максат энергетика тармагын өнүктүрүү жана бул тармакта иш алып барган инвесторлорго мүмкүнчүлүк түзүп берүү экенин айтат. Эми мындан ары күбөлүк алган 20 компания жалпысынан 639,5 мВт кубаттуулук бере турган станцияларды 15 жылдын ичинде курушу керектигин белгилейт.

«Күбөлүк алган компаниялар ЭКБ аркылуу электр энергиясын өндүрүп, аны сатууга, жеткирүүгө укуктуу. Эң негизги максат: энергетика тармагындагы кубаттуулукту өстүрүү. Мындан ары да ишти токтосуз алып барганга шарт түзүлөт. Бул күбөлүктүн негизинде мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктер берилет. Анткени ушул документти алган соң, кээ бир ишкерлердин жумушунда жеңилдиктер жаралат. Ушул документ менен инвестор тартууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, бул тармак боюнча иш алып баргандарга энергияны кайра иштетүүгө, кайра жаратууга жол ачылат»

Буга чейин «Улуттук энергохолдинг» ишканасы аймактарда, облус жана шаарларда электр жарыгы ашыкча пайдаланылып, лимиттен ашып кеткенин билдирген. Ошондой эле өкмөт жарандардан электр энергиясын үнөмдөөнү суранып келет.

Быйыл былтыркыга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дээрлик 3 млрд куб метрге аз. Ага карабастан адистер авариялык кырдаалдан башка учурларда өчүрүүлөр болбой турганын айтышат.

Copyright © 2017 Maral FM