Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстанга 200 миң доза вакцина берди

Кыска кабар | 13 Ноя 2021 | 231 | 0

Бишкекке коронавирус инфекциясына каршы орусиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы жеткирилди. Аны «Манас» аэропортунан Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-бек Бектурганов тосуп алган.

Вакцинаны сатып алуу үчүн орус өкмөтү Кыргызстанга жардам катары 1,2 миллион доллар бөлгөн.

«Спутник Лайт» Орусияда чыгарылып, май айынын башында каттоого алынган. Ал «Спутник V»вакцинасынын биринчи компоненти.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM