Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд долларга жакындады

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 282 | 0

2021-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 865 млн 85 миң долларды түзөт.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, жалпы карыздын 4 млрд 151 млн 72 миң доллары тышкы карыз. Ал эми  714 млн 13 миң доллары ички карыз.

Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 26 млрд 105,5 млн сом бөлүнгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйыл он айда ички дүң продукциянын көлөмү 556 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 пайызга өстү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 506 миллиард сомду түзүп, 4,1 пайызга көбөйдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM