Биз менен байланышыңыз

Малала Юсуфзай турмушка чыкканын жарыялады (сүрөт)

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 537 | 0

Нобель Тынчтык сыйлыгынын эң жаш лауреаты Малала Юсуфзай турмушка чыкканын Тwitter баракчасына жазды.

Ассер Малик менен үйлөнүү тою Бирмингемде өткөн.

Малала Юсуфзай өзүнүн чыныгы окуясын Патрисия Маккормик менен бирге көркөм баяндап жазган «Мен Малала» китеби кыргызчага да которулган.

Талибдер Пакистандын Сват аймагын көзөмөлгө алган учурда Малала 10 жашта болгон. Талибдер кыздарга мектепке барууга тыюу салган мезгилде ал билим алуу укугу үчүн күрөшкөн. Малалага максатына жетүү үчүн аягына чейин күрөшүүгө үйрөтүшкөн. 2012-жылы 9-октябрда мектептен үйүнө бараткан жолдо автобуста кол салуу болгон. Ок атылып, анын аман калышына эч кимдин көзү жеткен эмес. Эми Малала билим берүү боюнча активист, тынчтык жүрүшүнүн эл аралык символуна айланды.

Малаланын күчтүү ишмердиги  бир бала, бир мугалим, бир китеп жана бир калем сап дүйнөнү өзгөртө аларына ишендирет.

Нобель сыйлыгынын эң жаш лауреатынын китеби кыргызчага которулду

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM