Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Админресурс колдонуу боюнча фактылар катталды

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 396 | 0

Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан бери 73 мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинен 19 факты Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу»), 186-беренеси («Жеке турмуштун кол тийбестигин бузуу») жана 200-берене («Уурдоо») боюнча катталды.

— Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык»), 87-1-беренеси («Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу»), 94-беренеси («Башка адамдардын мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү»), 90-беренеси («Уурдоо») боюнча – 17 факты катталды.

Ошондой эле, маалыматтык эсепке алуу журналына 37 материал катталып, анын ичинен 20 материал номенклатуралык ишке эсептен чыгарылып, 7 материал кылмыш ишинин материалдарына тиркелген, дагы 3 материал каралууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган.

Copyright © 2017 Maral FM