Биз менен байланышыңыз

УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү (сүрөт)

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 183 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдуулар жана эс алуу бөлмөсү, атайын унаа токтоочу жайлары да каралган.

Жаңы имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары, өздүк курам менен ардагерлери катышты.

Анда Ташиев сөз сүйлөп, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзам сактоо, бардык тараптарга бирдей шарт түзүү, мамлекеттик кызматкерлерди үгүт иштерине аралаштырбоо зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM