Биз менен байланышыңыз

«Евробиримдик — Борбор Азия» форуму Кыргызстанга эмне берет?

Экономика | 4 Ноя 2021 | 1240 | 0

Эртең Бишкек шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форуму башталат. Анда Борбор Азия аймагындагы бизнес жана инвестиция маселелери талкууланат. Форумга 250дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик ишкердин катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40тан ашык компаниянын өкүлдөрү келет.

2019-жылы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык платформа түзүү макулдашылган.

Мындан сырткары Евробиримдик тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрүнө карата концепциянын стратегиясы кабыл алынган. Анда бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү, жашыл экономика, экология жана башка көптөгөн маселелер камтылган. Буга байланыштуу ири бизнес-форум уюштурулуп жатканын инвестициялар министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов айтты.

«Форумдун максаты: бизнесмендерди жолуктуруп, аларды өнөктөш катары иштешүүгө чакыруу; бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнес үчүн кандай шарттар бар экенин көрсөтүү; жалпысынан Борбор Азияда бизнес тармагы үчүн түзүлгөн шарттар менен тааныштыруу. Ошондой эле Европа мамлекеттери менен кайсы багытта иштеше аларыбыз да каралат. Форумда өзүбүздүн долбоорлорду да сунуштайбыз. Борбор Азия – көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдүн аймагы жана Европаны Борбордук Азия, Чыгыш Азия, Чыгыш өлкөлөрү, жадагалса Африка континенти менен байланыштырган жаңы коридор. Бүгүн бул иш-чаранын алкагында биз бирдиктүү рыноктун призмасынан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө токтолобуз. Борбор Азия өлкөлөрүнүн инвестициялык потенциалы 170 миллиард долларга жакын. Эртеңки бизнес-форумду өткөрүүдө атайын кызыктуу багыттарды тандадык. Креативдүү жана жашыл экономика боюнча панелдик талкуулар болот, бизнес мүмкүнчүлүктөр жана инвестициялык потенциал боюнча кызыктуу долбоорлор сунушталат. Мындан тышкары Австрия мамлекетинен келген 12 компания жана Венгриядан келген 16 компания менен B2B жолугушуулар өткөрүлөт. Ошондой эле бул форум аркылуу мамлекетке бир топ инвесторлорду тартууга мүмкүнчүлүктөр каралган».

Экономисттер акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттеринде бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар жакшырып жатканын белгилешет. Кыргызстан ыңгайлуу аймакта жайгашкандыктан, бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алат. Жакында эле Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ишкер аялдардын жолугушуусу да уюштурулган.

Евробиримдик менен биргеликте уюштурулуп жаткан форумдун мааниси чоң экенин Азия банкынын директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиева айтты.

«Буга чейин Борбор Азия аймагы инвесторлорду көп кызыктырбай, инвесторлордун картасында белгиленбей келген. Бирок акыркы беш жылдын ичинде: «Биз өзүбүздү бирдиктүү аймак катары кантип көрсөтөбүз?» — деген маселе катуу талкууланып жатат. Анткени ушундай жол менен гана инвестиция тартуучу өлкө боло алабыз. Эми Борбор Азиянын аймактарын өнүктүрүү үчүн белгилүү бир демилгелер түзүлүүдө. Өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн жалпы рыногу 255 миллиард долларды түзөт, аны Борбордук Американын, Финляндия же Чилинин ички дүң өндүрүмүнө салыштырууга болот. Эртең Бишкекте Евробиримдик менен Борбор Азиянын бизнес өнөктөштүгүнө арналган маанилүү иш-чара өтүп, анда Борбор Азия аймагындагы бизнес жана инвестиция маселелери талкууланат. Бүгүнкү күндө кыргыз бизнеси өнүгүүдө, тактап айтканда, башка өлкөлөрдө филиалдар ачылып кеңейүүдө. Жалпысынан дүйнөнүн экономикасы Азия тарапка ооп келе жатат. Биз географиялык жактан ыңгайлуу аймакта жайгашканбыз. Ошондуктан мүмкүнчүлүктү пайдаланып калышыбыз керек». 

Дүйнөдө алгачкы ирет уюштурулуп жаткан бул форумга бир катар мамлекеттик органдар, эл аралык каржы институттары, уюмдар, жеке ишкерлер, банк секторунун өкүлдөрү, Дүйнөлүк Бажы Уюмунун, Энергетикалык хартиянын жетекчилери, булардан тышкары көпчүлүк өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери, элчилери катышат.

Отурумда жашыл экономика, санариптештирүү, туруктуу ишкер чөйрөнү түзүү, COVID-19 пандемиясы пайда кылган социалдык-экономикалык каатчылыкты биргелешип жеңүү маселелери да каралат.

Copyright © 2017 Maral FM