Connect with us

«Учурда 6,5 миңдей жаран батир алууга кезекте турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2021 | 846 | 0

Мамлекеттик ипотекалык компания 2-ноябрда Мамлекеттик сатып алуулар порталында батир сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу аталган компаниянын жетектөөчү адиси Таалай Оморов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Компания аны сатып алып, ижаралык турак жай механизми менен жарандарга берет. Бул механизмдин артыкчылыктары — баштапкы төгүмү  жана банктын катышуусу жок жүргөнү.

«Биз мамлекеттик компания болгон үчүн тендер аркылууу сатып алабыз. Берилген сунуштарды карап чыгып, бизге эң ыңгайлуу болгонун тандап алабыз. Коюлган талаптардын бири — батирдин бир чарчы метринин баасы 50 миң сомдон ашпашы керек», — дейт ал.

Ад учурда батир алууну каалап, компанияга кайрылган жарандардын саны 6 500 миңдей экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM