Биз менен байланышыңыз

4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 664 | 0

4-5-ноябрда түнкүсүн аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдайт.

4-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрдө жаан карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

Зымдарда жана бактарга суулуу кар жармашат. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, жолго муз тоңот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

4-6-ноябрь аралыгында абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -2°…-7° суук,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3°…-8° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5°,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1°…-6° чейин,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15 градуска чейин, күндүз -2…-7 градуска чейин,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26 градуска чейин, күндүз -10…-15 градуска чейин үшүк жүрөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда малды кармоону, унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM