Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз атылган бугуну сойгон жарандар кармалды

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 481 | 0

Сары-Челек биосфералык аймагынын Туура-Арык тилкесинде мыйзамсыз атылган бугуну жиликтеп жаткан төрт киши камалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кабарлады.

Мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну болгон. Жеке тинтүү жана аймакты кароодо ок атуучу курал табылган эмес. Далил катары малдын териси, башы жана сөөгү алынган.

Учурда Кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Марал — саны кескин кыскарган жаныбар. Кыргызстанда алар аз санда жана Кызыл китепке кирген. Маралды мыйзамсыз кармоо үчүн айып 1 миллион сомду түзөт. Ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсе көбөйтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM