Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Алтыбаева менен Исаев шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 1 Ноя 2021 | 637 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева жана Канатбек Исаев парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

БШКга бир мандаттуу округдар боюнча шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 6 арыз түшкөн. Алар:

— Исаев Канатбек Кедейканович, №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан;

— Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, №11 Алай шайлоо округунан;

— Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, №11 Алай шайлоо округунан;

— Алыбаев Айбек Ташибекович, №19 Токтогул шайлоо округунан;

— Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, №21 Талас шайлоо округунан;

— Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, №7 Ош шайлоо округунан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM