Биз менен байланышыңыз

Ички иштер органдары күчтүү реформага муктаж

Коом | 1 Ноя 2021 | 942 | 0

1-ноябрь — милиция кызматкерлеринин күнү. Мындан токсон жети жыл мурун дал ушул күнү кыргыз милициясы уюштурулган. Бул аралыкта ички иштер органдарынын түзүмү да улам жаңыланып, улам өзгөрүп, улам толукталып, кээде кемип жүрүп отурду. Эксперттер эгемендик жылдардан кийинки Кыргызстандын ички иштер органдары чабал тартып кеткенин, бул тармакка олуттуу реформа керек экенин айтышат. Ошол эле учурда милициялардын ишин мактоого алгандар да, ишине ичи чыкпай, сындагандар да бар. Айрымдар милиция кызматкерлеринин макамын көтөрүп, материалдык базасын чыңдоо зарыл дешет.

Отуз тогуз жаштагы Анара Жусубалиева учурда ИИМдин ички аскерлеринин №702 аскер бөлүгүндө оркестр, музыкант, нускоочу болуп эмгектенет. Бул кесип анын бала кезинен көксөгөн кыял-максаты болгон. Ал милициянын ишмердиги коомдук жашоонун бир бөлүгү болуп эсептелерин, көп учурда адам тагдырына байланышкан маселелерди чечүүгө туура келерин айтып отурду. Ошон үчүн милиция кызматкерлери адилет жана жоопкерчиликтүү болушу керектигин белгилеп өттү өз сөзүндө.

«Бул кесипти тандап, иштеп жатканыма абдан сыймыктанам. Анткени бала кезден көксөп жүргөн кыял-максаттарымдын бири болгон. Бала кезимде эле форма кийген аялдарды көргөндө суктанчумун, кызыкчумун. Бул кесипти тандаганыма эч качан өкүнбөйм. Ар бир жумушта оорчулук болот. Ошону билип, анан тапшыргам. Эч качан таштап салуу деген ой болгон эмес. Анткени бул кесипке араң жеткем. «Кыргыз элим үчүн жанымды аябам!» деп ант бергенбиз».

Кыргызстанда милицияга болгон ишеним төмөн. Бийлик алмашкан сайын бул ишенимди жогорулатуу убадасы берилип, бирок ал сөз жүзүндө эле калып келет. Ошондой эле кылмыштардын бетин ыкчам, тез арада ачууда азыркы иштеп жаткан кодекстер күч түзүмдөрүнүн колун байлап койгон. Маселен, быйыл эле 27 жаштагы кыздын уурдалып өлтүрүлгөнү, анын ыкчам табылбаганы милициянын ишиндеги кемчиликтерди ашкерелеп койду.

Милициянын ардагери, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков ички иштер органдары реформага муктаж экенин айтып, бирок ал иш жүзүндө аткарылбай жатканын сындады. Анын пикиринде, милицияга кесипкөйлүк, тартип жана мыйзамдуулук жетишпейт. Анткени акыркы эки жылда мыйзамдар шашылыш жана жакшы анализденбей кабыл алынып калган.

«Эң биринчи, мыйзамдарды тез аранын ичинде оңдоо керек, милиция кызматкерлерине шарт түзүп берүү аркылуу. Өзүңүздөр билгендей, акыркы беш кодекс кабыл алынды. Ошонун ичинен кылмыш-жаза кодекси, жазык-процессуалдык кодекс, ушул мыйзамдар акыркы эки жылдан бери милиция кызматкерлерине, жалпы эле укук коргоо органдарына бир топ тоскоолдук жаратып келет. Бул мыйзамдарды шашылыш түрдө, жакшы анализдебей кабыл алып коюшкан. Мыйзам аркылуу милиция кызматкерлери гана эмес, жөнөкөй жарандар да кыйынчылыктарга душар болууда. Андан сырткары оперативдик кызматкерлердин колу-бутун байлап коюшкан. Аларсыз биз мамлекетте эмне болуп жатканын билбейбиз да. Алардын иштеши үчүн укуктук жактан кеңейтүү зарылчылыгы бар. Акыркы убакта кылмыш да өстү. Азыркы учурда ким кызматка келсе, тааныш аркылуу келет. Анан иштегенге кызыгуусу бар адамдын каалоосу качат. Качан гана жетекчилик «элим, жерим» дегендерди алып келгенде гана реформа болот.

ИИМдин Байкоочу кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов эл арасында милиция кызматкерлерине карата ар кандай терс пикирлер бар экенин моюндайт. Ал ички иштер органдарынын кызматкерлеринин макамын көтөрүү керектигин белгилейт.

«Эгемендик алгандан бери үч төңкөрүш болду. Алардын катарында токмок жеген, жарадар болгон, каза тапкан кызматкерлер да бар. Милиция кызматкерлери эч кандай кызыкчылыкты ойлобой эл үчүн иштеп келет. Алар да милдетин жакшы аткарышы үчүн коомдо колдоо болушу керек. Учурда милиция коомдун жардамына, колдоосуна муктаж».

Даутов кошумчалагандай, быйыл ички иштер органдарында кызмат өтөгөндөрдүн айлыгы эки эсе көтөрүлгөн. Акыркы бир жыл ичинде 50гө жакын пункт, аймактар боюнча жалпы алты бирдиктүү терезе ачылган. Өлкө боюнча он профилактикалык пункт ачылып, 107 унаа таратылып, 230 камера ишке кирген.

Copyright © 2017 Maral FM