Биз менен байланышыңыз

Ноябрда Лейлекте жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 168 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунун Чурбек айылындагы М.Юлдашев атындагы мектептин курулушу ноябрда бүтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агентиги кабарлады.

Мектептин курулушу 2021-жылы башталган. Ал 2 кабаттуу, ичинде ашкана,  спорт зал жана өтмө галерея да бар. Жалпы аянты 1604,4 чарчы метрди түзүп, 225 окуучуга эсептелген.

Бүгүнкү күнгө карата мектептин окуу корпусундагы жумуштар аягына чыгууда. Ошондой эле аткаруучу уюм тарабынан спорт залдын курулушу, окуу эмерек менен жабдуу жана аймакты көрктөндүрүү иштери аткарылууда.

Объектинин сметалык наркы 64 млн 616 миң 200 сомду түзөт, курулуштун 85ы аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM