Биз менен байланышыңыз

Кыз-келиндер күрөшү үчүн спорт зал курууга жер бөлүндү

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 515 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине кыз-келиндер күрөш менен машыга турган спорт зал курууга жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Жер тилкеси Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев көчөсүндөгү «Ататүрк» сейил багынын жанындагы «Жаштык» дирекциясынын аймагынан бөлүнүп берилди. Жашыл көчөт курчаган аймакты кошуу менен бөлүнгөн тилкенин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт.

Спорт залды курууга жер тилкесин «Жаштык» дирекциясынын аймагынан бөлүүнүн максаты дирекцияда бассейни бар спорт комплекси иштейт, спортчулардын машыгуу процесси толук кандуу болот.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги залдын долбоорун, архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарын иштеп чыгууга киришти.

Алгачкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объекттин курулушунун акыркы сметалык баасы залдын сметалык эсебинен кийин белгилүү болот.

Спорт зал пайдаланууга берилгенден кийин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин балансына өткөрүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM