Биз менен байланышыңыз

Pfizer вакцинасын качан жана кайсы жактан алууга болот?

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 428 | 0

Коронавируска каршы Pfizer вакцинасы ушул жуманын аягында Бишкектин бардык эмдөө борборлорунда жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова билдирди.

«Pfizer вакцинасы борбордук кампада -70 градус температурада сакталат, андан кийин эритип, -20 градуста аймактарга жеткиребиз, ал эми үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бул вакцинаны +2..+8..градус температурада 30 күнгө чейин сактоого болот», — деди Ишенаписова.

27-октябрда АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынын 259 миң 740 дозасын берген.

Өлкөдө эмдөө 29-мартта башталган. Буга чейин Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V», COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы жана Түркиядан келген Sinovac вакцинасы менен эмдөө жүрүп келди. Эми Pfizer вакцинасын алуу да жеткиликтүү болот.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан бери 180 миң 989 адам коронавирус жуктурган. Анын 175 миң 402си айыгып чыккан, 2664 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM