Биз менен байланышыңыз

Массалык уулануу: Жабыркагандардын саны 300гө жетти

Кыска кабар | 28 Окт 2021 | 230 | 0

28-октябрга карата Бишкектеги «Империя пиццы» кафесинин тамагына уулангандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Массалык уулануу 23-24-октябрь күндөрү аталган кафеде суши-роллы жегендер арасында катталган.

Бейтаптардын абалы туруктуу.

Массалык уулануу катталгандан кийин «Империя пиццы» кафесинин бардык филиалдары жабылган. Өлкө боюнча тамактануучу жайлар текшерүүгө алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM