Биз менен байланышыңыз

2021-2026-жылдардын диний концепциясындагы 5 негизги багыт (тизме)

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Окт 2021 | 300 | 0

2021-2026-жылдарга кабыл алынган диний концепция 2014-2020-жылы ишке ашкан концепциянын уландысы. Бул тууралуу «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул концепцияда негизги 5 багыт каралган. Чоң бир багыты катары:

  1. Мамлекеттин светтүүлүгүн күчөтүү, ошону түшүндүрүү, укуктук майданга алып келүү
  2. Диндер арасында, конфессиялар арасында жакшы иштерди алып баруу
  3. 56 мектепке киргизилген дин таануу сабактарын системага салуу, диний билим берүүнү мектептерге, башка бир уюмдарга киргизүүнү системалаштыруу;
  4. Жер-жерлерде дин аралык түшүнбөстүктөр, конфликт болсо, ошону жоюу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

«Дагы бир аябай жакшы багыты — агартуучулук багыт. Анткени, биз акыркы 5 жылдан бери интернет майданында, телерадио аркылуу агартуучулук багытта түшүндүрүү иштерин аябай көп жүргүзүшүбүз керек эле. Бул 5 багытты ишке ашыруу үчүн жумушчу топ бир аянтча түзүп берип, пландар иштелип чыгып жатат. Ноябрдын ортосуна чейин ал пландар сайттарга илинип, алымча-кошумчаланат», — дейт ал.

Маалыматка караганда, 2014-2020-жылкы диний концепциянын алкагында 40 миңден ашык иш-чара өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM