2021-2026-жылдарга кабыл алынган диний концепция 2014-2020-жылы ишке ашкан концепциянын уландысы. Бул тууралуу «Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул концепцияда негизги 5 багыт каралган. Чоң бир багыты катары:
- Мамлекеттин светтүүлүгүн күчөтүү, ошону түшүндүрүү, укуктук майданга алып келүү
- Диндер арасында, конфессиялар арасында жакшы иштерди алып баруу
- 56 мектепке киргизилген дин таануу сабактарын системага салуу, диний билим берүүнү мектептерге, башка бир уюмдарга киргизүүнү системалаштыруу;
- Жер-жерлерде дин аралык түшүнбөстүктөр, конфликт болсо, ошону жоюу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
«Дагы бир аябай жакшы багыты — агартуучулук багыт. Анткени, биз акыркы 5 жылдан бери интернет майданында, телерадио аркылуу агартуучулук багытта түшүндүрүү иштерин аябай көп жүргүзүшүбүз керек эле. Бул 5 багытты ишке ашыруу үчүн жумушчу топ бир аянтча түзүп берип, пландар иштелип чыгып жатат. Ноябрдын ортосуна чейин ал пландар сайттарга илинип, алымча-кошумчаланат», — дейт ал.
Маалыматка караганда, 2014-2020-жылкы диний концепциянын алкагында 40 миңден ашык иш-чара өткөн.