Connect with us

Мектептерди үч нөөмөттө иштөөгө аргасыз кылган жагдай

Билим-маданият , Коом | 26 Окт 2021 | 2902 | 0

Өлкөдө билим берүү тармагындагы өксүктөр ар дайым көтөрүлүп, ар качан айтылып, талкууга алынып келет. Айрымдары акырындан чечилсе, айрымдарынын чечилиши жыл санап создугуп кете берет. Дал ошондой айтылып жүргөн жетишпестиктердин бири тууралуу алдыда кеп кылабыз.

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына таянып айтсак, өлкө боюнча 1 млн 300 миңдей окуучу 2 миң 296 жалпы билим берүү мекемесинде окуйт. Бул мекемелердин 152си — жеке менчик. Тилекке каршы, алардын 457си авариялык абалда: 212сине капиталдык оңдоп-түзөө керектелсе, 245ин бузуп, кайра салуу зарыл.

Дагы бир көйгөйлүү жагдай, мектептерде орун жетишсиздиги. Бул кемтикти толуктоо үчүн дагы 670ке жакын мектеп салынуусу керектиги KG Analytics интеллектуалдык фондунун иликтөөсүндө айтылды. Мындан улам айрым мектептер үч нөөмөткө бөлүп окутууга аргасыз болушат. Маселен, жалпы өлкө боюнча үч нөөмөттө иштеген 151 мектеп болсо, анын 90у Бишкек шаарына таандык.

Бишкек шаарынын тургуну Жаңылдын эки баласы тең мамлекеттик мектепте, үчүнчү нөөмөттө окугандыктан, айрыкча кышкысын үйгө өтө кеч келишет. Бул бир жагынан ата-энени санаага салса, бир жагынан балдардын сабак кайталоосуна, тапшырмаларды аткаруусуна кыйла эле кыйын болорун айтат ал. Экинчи маселе, нөөмөттүн көптүгүнөн сабактардын сааттарын да кыскартып өтүшөт. Мындан улам мугалим балдардын баарына бирдей көңүл бурууга жетишпей калат.

«Мисалы, менин балдарым үчүнчү сменге туура келет. Мектепке 13:30-14:00гө жакын барып калат. Сабактардын сааттары да кыскартылган: отуз же отуз беш минута ичинде эле бүтүп калат. Ошол убакыттын ичинде балдардын баарына жетишүүгө мүмкүн эмес. Ар бир баладан тапшырмасын сурап, көңүл бурганга жетишпейт. Ошондуктан балдардын билим деңгээли төмөндөп кетти деп ойлойм. Мамлекеттик мектептерде шарт жок. Мисалы, кышында суук, баары бир класска батпайт. Ата-энелердин балдарына деген чогултмайлары болот. Бирок ал акча эч нерсеге жетпейт. Жеке менчик мектептерге берейин десек, алардын акчасын асманда. Андыктан мамлекеттик мектептер көбөйтүлсө, балдардын билим алуусуна шарт түзгөндөй болмок. Кышындасы мектептен кеч чыгышат. Алар үйгө келгичекти түн бир оокум болуп, чарчап да калышат. Анан сабак даярдоого жетишпей да калышат, же аткарып барган сабактары каралбай калышы мүмкүн. Мамлекет көзөмөлгө алып, көңүл бурса жакшы болмок».

Окуучулардын саны ылайыкталган орундан да алда канча көптүгү өзгөчө, ири шаарлардын, анын ичинен Бишкек менен Ош шаарларынын негизги көйгөйүнө айланган. Айталы, Бишкек шаарындагы мектептер 75 миң окуучуга ылайыкталып курулса, иш жүзүндө 170 миңге чукул бала билим алат. 20 окуучуга эсептелген класстык бөлмөдө 30-35, кээде 40ка чейин бала окуй турганы, орун жетишсиздигинен бир партага үчтөн-төрттөн отургузары буга чейин да бир канча ирет көтөрүлгөн.

Билим берүү тармагы боюнча серепчи Кеңешбек Сайназаров мунун себебин ички миграциядан, ири шаарларга келген элдин агымы жыл санап көбөйүп баратканынан көрөт.

«Бишкек, Ош, Нарын жана башка шаарларда элдин агымы көбөйдү. Мурунку салынган мектептердин күчү жетпей калды. Ошол жагын кароо керек. Анан дагы бир маселе, жер-жерлерде чакан мектептер салынган. Алар эми ар кандай максатта курулган, бирок толук кандуу окутулбай жана каралбай калган. Буларды анализ кылуу керек. Ошондо кайсыл мектеп жарамдуу же жарамсыз белгилүү болот. 670 мектепти анализ кыла турган болсок, саны кыскарат болушу керек. Келечектеги демографияны эске алып, мектеп куруу иштери болот деп ойлойм. Бишкек жана Оштогу мектептердин жетишсиздиги балдардын окууга болгон укугун чектеп коюп, билим сапатына кедергисин тийгизип жатат». 

Мамлекеттик мектептерге салыштырмалуу жеке менчик мектептерде шарт жакшы түзүлөрү, билим берүү сапаты да бир топ жогору экени жашыруун эмес. А бирок балдарын менчик мектептен окутууга ата-эненин баарынын эле чамасы жете бербейт. Анын үстүнө андай мектептер өтө аз санда жана орундар да чектелүү. Айталы, өлкөдөгү 152 менчик мектепте жалпы окуучулардын 3 гана пайызы, тагыраагы, 38 миң бала билим алат.

Copyright © 2017 Maral FM