Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мыкты троллейбус айдоочулары аныкталды

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 327 | 0

Бишкекте «Мыкты троллейбус айдоочусу» сынагы өттү. Аны мэриянын демилгеси менен Бишкек троллейбус башкармалыгы уюштурду.

Сынак эки этап менен өтүп, биринчисинде айдоочулар жол эрежелери, троллейбустун техникалык маселелери боюнча экзамен тапшырышты.

Экинчи этапка өткөн айдоочулар троллейбус айдоодогу чеберчилигин көрсөтүштү.

Мелдештин негизги максаты жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жана маданиятын жогорулатуу болуп эсептелет. Кесиптик чеберчилик сынагы катышуучулар үчүн өз даражасын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал автоматтык түрдө биринчи үчөөнө ыйгарылат.

«Мыкты троллейбус айдоочусу» сынагына 11 айдоочу катышты. Биринчи орунду №14 троллейбустун айдоочусу Фархад Жаныбек уулу алды.

Экинчи орунду №11 троллейбустун айдоочусу Кубаныч Байматов алды.

Үчүнчү орунга №7 троллейбустун айдоочусу Атай Огонбаев татыды.

Мэриянын маалыматына караганда, мындай сынактар транспорттук ишканаларда да уюштурулуп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM