Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда добуш берүүгө шайлоочулардын 80,8%ы катышкан

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 544 | 0

Кечээ, 24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Анда шайлоочулардын 16 млн 36 миңден ашыгы добуш берди. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, добуш берүүгө Өзбекстандагы шайлоочулардын 80,8%ы катышкан. Ал эми чет өлкөлөрдөгү өзбек мигранттарынын катышуусунун статистикасы азырынча айтыла элек. Шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын 33%ы катышса, шайлоо өттү деп эсептелет.

Коңшу мамлекетте президенттикке 5 талапкер ат салышты. Анда Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы тарабынан өлкөнүн азыркы президенти 64 жаштагы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

-Экологиялык партия 46 жаштагы Нарзулло Обломурадовду;

-Элдик демократиялык партия 60 жаштагы Максуда Варисованы;

«Адолат» социал-демократиялык партиясы 62 жаштагы Бахром Абдухалимовду;

«Миллий тикланиш» демократиялык партиясы 46 жаштагы Алишер Кадыровду көрсөткөн.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоочулардын тизмесине 19,86 миллион адам киргизилген.

Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен добуш берүүгө келди (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM