Биз менен байланышыңыз

Адилет Жумабеков «Голос» долбооруна өттү (видео)

Кыска кабар | 24 Окт 2021 | 637 | 0

Кыргызстандык ырчы Адилет Жумабеков Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлгөн «Голос» долбооруна катышып, биринчи кастингден өттү. Конкурс 23-октябрда болду.

Адилет Жумабеков Boyz II Men тобунун End of the Road аттуу ырын аткарды. Аны долбоордогу насаатчылар Дима Билан, Александр Градский жана Леонид Агутин колдошту.

Адилет Жумабеков өзүнө насаатчы катары Дима Биланды тандап, кийинки турга өттү.

«Голос» долбоору таланттуу ырчыларды табуу максатында уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM