Эртең, 25-октябрда түнкүсүн жана күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +12…+17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +14…+16 градус жылуу.