Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 338 | 0

Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде айтты.

Жапаров административдик ресурс такыр колдонулбай турганын, мамлекеттик кызматкерлер кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып, жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

«Райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү  эле жооп берип калбайт. Райондук милиция, же райондук билим берүү бөлүмү, же мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир саясий партиянын же талапкердин пайдасына иштеген болсо, эскертип коёюн, жазасыз калбайт», — деди президент.

Жапаров эл да добушун сатпашы керектигин, бул жолу парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүлгөнүн айтты.

«36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге да добуш бересиздер. Мына ошондо парламентке силер тандаган, чыныгы элдин колдоосун алган талапкер же партия келет«, — деди Жапаров өз сөзүндө.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM