Биз менен байланышыңыз

«Шоро» компаниясы сүт өндүрүү үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алат

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 191 | 0

«Шоро» компаниясы Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен кредиттик келишимге кол койду. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Компания фонддон алган насыяга сүттү кайра иштетүү жана Орусияда жасалган сүт азыктарын өндүрүү боюнча заманбап технологиялык жабдууларды сатып алууну көздөөдө.

Бүгүнкү күндө «Шоро» улуттук суусундуктарды жана башка продукцияларды чыгаруу боюнча лидер болуп саналат. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебинен компания сүттөн жасалган улуттук суусундуктарды, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун эл аралык стандарттарына ылайык, башка сүт азыктарын көбөйтүүнү пландап жатат. Сүттү кайра иштетүүнүн суткалык көлөмү 20 тоннаны түзөт, бул кеминде 200 дыйкан чарбасын туруктуу иш менен камсыздайт.

Компания учурда даяр продукциясын экспорттоо менен алектенет. Ал эми жаңы өндүрүш ишканасын ачуу экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Ошол эле учурда жергиликтүү фермерлерден чийки зат сатып алуу кошумча жумуш орундарын түзүп, өндүрүлгөн сүттүн көлөмү менен сапатын жогорулатууга ыңгайлашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM