Биз менен байланышыңыз

Кытай Тажикстанга жол куруу үчүн 125 млн доллар грант бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 1173 | 0

Кытай Тажикстанга жол куруу үчүн 125 млн доллар грант бөлөт. Бул тууралуу Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жарыялады.

18-октябрда Дүйшөмбү-Кулма унаа жолунун Калай-Хумб-Ванж тилкесинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн грант берүү боюнча кытай-тажик өкмөттөрүнүн өкүлдөрү келишимге кол коюшту.

Тажикстандын Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, Калай-Хумб- Ванж тилкесинин узундугу 80 чакырымды түзөт.

Анын алкагында 5,2 км узундуктагы эки туннель салынат, 5 коргоочу коридор, 15 көпүрө жана башка объектилер курулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM