Биз менен байланышыңыз

Түндүк Корея баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөнү кабарланды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2021 | 1198 | 0

Түндүк Корея кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүнө таянуу менен жазды.

Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү дүйнөнүн алдыңкы державалары Корей жарым аралында тынчтыкты сактоо жана абалды турукташтыруу үчүн кеңешип, консультацияларды өткөрүп жаткан маалда, Түндүк Кореянын ракеталарды учурууну улантып жатканына тынчсызданышты.

Кеңеш Пхеньянды жарым аралда тынчтык орнотуу үчүн тезирээк диалогго кайтууга чакырды.

19-октябрга караган таңда Түндүк Корея Япон деңизине карай белгисиз снаряд атканы белгилүү болгон. Кийинчерээк баллистикалык ракета сыналганы такталган. Япониянын жээк күзөтү снаряд жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 10:38де түшкөнүн билдирген, бирок анын жайгашкан жери так айтыла элек.

Япониянын премьер-министри Фумио Кисида Түндүк Корея тараптан эки учуруу болгонун билдирди.

«Рёнхап» агенттиги Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчыларына шилтеме берүү менен билдиргендей, Түндүк Кореяда сыналган баллистикалык ракета 430-450 чакырым аралыкты басып өтүп, жогорку бийиктиги 60 чакырымга жеткен.

«Кыска аралыкка баллистикалык ракета учурулду. Бул суу астындагы баллистикалык ракета болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Учурулган ракетанын чоо-жайын Түштүк Корея менен АКШнын чалгын кызматтары биргелешип тактап жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM