Биз менен байланышыңыз

АКШ: Маралдын мойнундагы дөңгөлөк эки жылдан кийин алынды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 1047 | 0

АКШнын Колорадо штатындагы айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери маралды машинанын дөңгөлөгүнөн бошотуп алышты. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы «Твиттер» баракчасына жазды.

Марал мойнуна илинген дөңгөлөк менен эки жылдай убакыт жүргөнү болжолдонууда. Биринчи жолу маралдын мойнундагы дөңгөлөктү 2019-жылы байкашкан.

Кызматкерлер маралды бир нече саат уктатышып, дөңгөлөктү чыгарууга аракет кылышкан. Бирок ал оңойго турбагандыктан аргасыз мүйүздөрүн кесип салышкан.

«Чечүү оңой болгон жок. Биз албетте мүйүзгө тийбей дөңгөлөктү кесип салууну туура көрмөкпүз, бирок ага мүмкүндүк болгон жок», — дейт Колорадо парктарынын жана токойлорунун кызматкери Скотт Мердок.

Куткаруучулар эки жыл бою дөңгөлөктүн ичине кир-чаң топтоло берип, өтө оор болуп калганын айтышат. Бирок ал маралдын абалына таасирин тийгизген эмес.

Дөңгөлөк жаныбардын мойнуна кандайча илинип калганы тууралуу маалымат жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM