Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы 9 айда канча камсыздандыруу төгүмү түшкөнүн кабарлады

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 146 | 0

2021-жылдын 9 айында камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо боюнча план 674,7 млн сомго ашык аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Быйыл 9 айда 27 924,7 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылган. Бул белгиленген пландан 674,7 млн сомго көп же өсүү ыргагы 102,1%ды түзгөн.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4450,6 млн сомго көп жыйналган.

Анын ичинде сентябрь айында камсыздандыруу төгүмдөрү 3 194,6 млн сом суммасында түшүп, 44,6 млн сомго көп болгон, болжолдуу көрсөткүчтөр 101,4% га аткарылды.

Мындан тышкары, быйылкы жылдын 9 айында камсыздандыруу полистери боюнча жыйым 654,4 млн сом суммасында алдын ала камсыздалган, бул болжолдон 11,8 млн сомго көп, аткаруу 101,8% түзгөн. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 147,0% ды түзүп, 209,2 млн сомго көп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM