Биз менен байланышыңыз

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 8 Окт 2021 | 1888 | 0

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде алтын утуп, дүйнө чемпиону болгон Мээрим Жуманазарова Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 68 килограмм салмак категориясы боюнча экинчи орунга көтөрүлдү.

Мындан мурда Жуманазарова Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло байге алгандан кийин дүйнөлүк рейтингде үчүнчү орунга көтөрүлгөн эле.

Буга чейин Токидогу Олимпиадада күмүш байге тагынган нигериялык Блессинг Оборудуду дүйнөнүн экинчи мыкты балбаны болуп турган. Ал эми дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда Токиодогу Олимпиадада алтын медаль уткан америкалык Тамира Менса турат.

Мээрим Жуманазарова кыргызстандык балбандардын арасында дүйнө чемпиону болгон экинчи спортчу болуп калды. Буга чейин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) гана дүйнө чемпиону наамына ээ болгон – Тыныбекова эки жолку дүйнө чемпиону (Нур-Султан, 2019-жыл жана Осло, 2021-жыл).

Эскерте кетсек Мээрим Жуманазарованын алтын медалы кыргызстандык балбандардын Ослодогу Дүйнө чемпионатында уткан бешинчи медалы. Буга чейин балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.

Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болду (видеосу)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM