Биз менен байланышыңыз

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 290 | 0

Опузалап пара талап кылуу боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Базар-Коргон районунун ИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө, опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Малик” каймана аттуу “Ж.А.Э.” кармалды.

Ал зомбулук колдоном деп коркутуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом, ошондой эле алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун опузалап талап кылып тартып алгандыгы аныкталды. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.

Бул факт Базар-Коргон РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM