Биз менен байланышыңыз

Кант диабети менен жабыркагандарга адистен кеңеш

Кыска кабар , Мединфо | 7 Окт 2021 | 429 | 0

Кант диабети менен ооругандарга жүзүм менен алманы жегенге болбойт. Бул тууралуу эндокринолог Абдурахман Халдаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кант диабети менен жабыркагандарга тамеки тартуу, туура эмес жашоо образы, офистеги жумуш, отуруп иштөө  зыян. Алар 2,3 маал сөзсүз тамак ичүүсү керек, салат, мөмө, жашылча-жемиштерин сөзсүз жеш керек. Чуркабаса да, күнүнө жарым саат басып туруу керек.

Аларга жүзүм менен алманы жегенге болбойт. Дарбыз менен коонду ачкарын жегенге болбойт, тамактан кийин бир кесимден жесе болот. Же болбосо, кантты алмаштыргычтар (сахарозаменитель) бар, ошолорду колдонсо болот.

Эгер адам көп таттуу жеп, кант диабетинин белгилери байкалса, анда эндокринологго көрүнүш керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM