Биз менен байланышыңыз

8-октябрда бираз күн жылыйт

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 287 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 8-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаанг-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Ысык-Көл,Нарын, Чүйдө жаан-чачын болбойт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +0…+5 градус, күндүз +9…+14;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +5…+10.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 12…14°.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM