Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 210 автобустун 90у гана каттамга чыгууда

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 295 | 0

Бишкек шаарында 210 автобустун 90у гана каттамга чыгып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 7-октябрда басма сөз жыйынында кабарлады.

Анын айтымында, акыркы жылдары борбор калаадагы коомдук транспорттун саны кескин азайды. 2017-жылы коомдук трансорттун саны 4 миң 136 болсо, бүгүнкү күндө 1 миң 590 калды.

2017-жылы 95 автобус болгон, 2019 -жылга чейин алардын саны 173кө жеткен, бирок быйыл транспорттун эскиришинен улам алардын 87ге түштү. 27 троллейбус ремонттон өткөрүп, каттамга чыгарылды. 2017 -жылы троллейбустардын саны 103 болсо, бүгүнкү күндө 130кө жетти.

Мындан тышкары, “Эко Пассажир Транспорт” ЖЧКсы менен кызматташуу келишимине ылайык, жеке тараптар борборго 210 автобус жеткиришкен.

Мэрдин айтымында, бүгүнкү күндө 80-90 автобус гана каттамга чыгат, бул айдоочулардын аздыгынан болууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM