Биз менен байланышыңыз

Президент жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 371 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда бүгүнкү күндө адам баласынын жашоосун авиациясыз, жарандык авиациянын улуттук экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүүгө кошкон салымысыз элестетүү кыйын экендигин белгилеген.

«Авиация түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин тармактын негизги потенциалы – бул өз кесибине берилип кызмат кылган чыныгы кесипкөйлөр. Алар — диспетчерлер менен учкучтардан тартып аэропорт кызматындагыларга чейин көк асманда кызмат кылууга бар аракетин, билими менен тажрыйбасын жумшап келишүүдө. Кесибин чындап сүйгөн авиаторлор аба жолу аркылуу ташууларды үзгүлтүккө учуратпай, ишенимдүүлүгүн камсыздап, калкты жогорку маданий деңгээлде тейлеп келишет«, — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле президент аба транспорту өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу зор мааниге ээ экендигин айткан.

Мындан сырткары Жапаров өлкөнүн географиялык жайгашуусун туура колдонуу зарылдыгын айтып, аэропорттордун жүк өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында ар түрдүү унаа ээлери менен кызматташкан аба түйүндөрүн тез арада түзүү кажет экендигин кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM