Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Курсан Асановдуку делген аудио жазуу монтаждалганы аныкталды

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 1251 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго таандык деп айтылган аудио жазуу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымына караганда, аудио жазуу монтаждалганы аныкталды.

Буга чейин социалдык тармактарда Курсан Асанов менен «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Аны Асановдун жактоочусу Чолпон Жакупова Орусиянын жана Казакстандын экспертизасына жиберген. Эки экспертиза тең аудио монтаждалган деп жыйынтык чыгарган.

Сөз болуп жаткан аудиожазууда көтөрүлүш тууралуу сөздөр болуп, бир нече саясатчынын аты аталган.

Буга байланыштуу 14-сентябрда Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон.

15-сентябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен Асанов №50 тергөө абагына 14-ноябрга чейин камакка алынган.

Бүгүн, 6-октябрда анын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралат.

Copyright © 2017 Maral FM