Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 7-октябрда жаан, кар жаайт

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 175 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 7-октябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Жалал-Абад, Баткн облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт, тоолуу аймактарга кар түшөт.

Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +0…+5 градус, айрым жерлерде үшүк жүрөт, күндүз +5…+10;

Талас жергесинде түнкүсүн  -3…+2 гардус жылуу, айрым жерлерде үшүк жүрүп -2…-4 градус болот, күндүз +4…+9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;

ЫсыкКөлдө түнкүсүн +0…+5, күндүз +4…+9;

Нарын облусунда түнкүсүн +0…+5 градус, кээ бир аймактарында үшүк жүрүп, -2…-4 градус төмөндөйт, күндүз +5…+10.

Бишкеке түнкүсүн жаан, кар жаайт. Күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 7…9°.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM