Биз менен байланышыңыз

Пайгамбардын карикатурасы делген сүрөттүн автору жол кырсыгында каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Окт 2021 | 2866 | 0

Мухаммед пайгамбардын карикатурасы делген сүрөттүн автору, сүрөтчү Ларс Вилкс жол кырсыгынын айынан каза тапты. Кырсык Швециянын түштүк тарабындагы трассалардын биринде катталып, Вилкс менен кошо анын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү эки полиция да мүрт кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Авария Маркарид шаарына жакын жердеги Е4 жолунда болгон. Сүрөтчү колдонгон автомобиль жүк ташуучу унааны келип сүзүп, жыйынтыгында эки унаа тең күйүп кеткен. Жергиликтүү полиция башчысы бул атайын уюштурулган автокырсык болушу мүмкүн деген күмөндү четке какты. «Эгер бул атайын уюштурулган кырсык болсо, анда иликтөө башка нукта жүрмөк. Бирок сүрөтчү менен кошо аны коргоп жүргөн эки полиция кызматкери да набыт болгондуктан, бул ишти атайын тергөө органына тапшырабыз», — деп билдирген.

Ларс Вилкс 2007-жылы Мухаммед пайгамбардын карикатурасы делген сүрөттү тартып, аны Nerikes Allehanda аттуу швед гезити жарыялаган. Бул окуядан соң Вилкске карата мусулман дүйнөсүнүн сыны күчөп, ал эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган. Ошондой эле ага коркутуулар башталган соң, Вилкстин коопсуздугун эки полиция кызматкери камсыздап келген.

«Карикатура Ислам динине зыянын тийгизбейт» 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM