Биз менен байланышыңыз

Канат Маматов Кыргыз футбол союзунун президенти кызматынан кетти

Кыска кабар , Спорт | 1 Окт 2021 | 501 | 0

Канат Маматов Кыргыз футбол союзунун президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Буга байланыштуу аткаруучу комитет жаңы жетекчини шайлоо үчүн 11-октябрга кезексиз жыйын өткөрүүнү чечти.

«Азыр башка ишке киришүүнү ниеттенип жатам. Бирок өлкө футболунун өсүп-өнүгүшүнө салым кошо бермекчимин. Футбол менин жашоомдун бир бөлүгү бойдон кала берет», — деген Маматов.

Ал жергиликтүү басылмалардын бирине 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катыша тургандыктан кызматтан кетип жатканын айткан.

Маматов Кыргыз футбол союзунун (анда ал Кыргызстандын фктбол федерациясы деп аталган) президенти кызматына 2019-жылдын 9-февралында шайланган. Ага чейин ал кызматты Семетей Султанов ээлеп келген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM