Биз менен байланышыңыз

Таалатбек Масадыков талибдердин тышкы иштер министри менен жолугушту

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 1864 | 0

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков «Талибан» кыймылынын өкмөтүндө тышкы иштер министри кызматын ээлеген Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мурдагы мэри Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы»  баракчасына жазды.

«Ооган эли биз үчүн маанилүү. Биринчи кадам ийгилик алып келсин», — деп жазган Түлөбаев.

Азырынча президенттин администрациясы Масадыковдун Амир Хан Муттаки менен болгон жолугушуусу тууралуу маалымат бере элек. Буга чейин Кыргызстандын бийлиги «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланган эмес.

Эскерте кетсек, талибдер өлкөдөгү бийликти 15-августта басып алып, кийинчерээк убактылуу өкмөттү кураган. Ага негизинен «Талибан» кыймылынын мүчөлөрү кирген. Буга байланыштуу дүйнө коомчулугу талибдердин өкмөтүн тааныган жок.

Таалатбек Масадыков жана Амир Хан Муттаки

Copyright © 2017 Maral FM