Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Түркия Крымды Орусиянын жери деп тааныбай турганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 4761 | 0

Түркия Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдойт жана Крымды Орусиянын жери деп тааныбайт. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин колдойбуз, анын ичинде Крымдын каратылып алынышын тааныбайбыз», — деди ал.

Мындан мурдараак Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Крымда өткөн Орусиянын Мамлекеттик Думасына болгон шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Ага байланыштуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия андай билдирүүлөргө каршы экенин айтып, алардын Крым боюнча пикири эки ача болгону менен бара-бара Түркиянын көз карашы өзгөрөрүнө үмүт артарын белгилеген.

Ошол эле учурда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Түркиянын Крымдагы шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганы жөнүндө билдирүүсү боюнча Орусия тыянак чыгарарын, бул нерсе эки тараптуу алакага терс таасир этерин айткан.

Эскерте кетсек, Орусия 2014-жылдын башында Крым жарым аралын өзүнө каратып алган. Учурда дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекет Крымды Орусиянын жери катары тааныбай келет.

ТОП-500: Дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандар кимдер?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM