Биз менен байланышыңыз

Жапаров БУУнун жыйынында «Кумтөр» тууралуу кыйытты

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 947 | 0

«Тилекке каршы, Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү деңгээлде кам көргөндүн ордуна экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда билдирди.

Жапаров өлкө мыйзамдарына ылайык, кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп жатканын, ошону менен бирге маселен, зыяндуу калдыктарды коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыз кылуу, таштандылар менен калдыктарды утилизация кылуу сыяктуу экологиялык кесепеттерди өздөрү чечүүгө аргасыз болгонун белгиледи.

«Отуз жыл бою Кыргызстан туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин чечүү үчүн эл аралык аренада деңизге чыга албаган тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын сүрөп келет.

Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2002-жыл «Эл аралык тоолор жылы» деп жарыяланган, ошол эле жылы Бишкекте биринчи Глобалдык тоо саммити, ал эми 2018-жылы төртүнчү Дүйнөлүк тоо форуму өткөрүлгөн.

БУУнун Башкы ассамблеясынын учурдагы сессиясында «Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунан» биз 2022-жылды кайрадан Эл аралык тоолор жылы деп жарыялоону, Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы «Бишкек+25» Глобалдык саммитин чакырууну демилгелейбиз», — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына тыштан башкаруу киргизген. Ага байланыштуу «Центерра» Нью-Йорк сотуна доо арыз менен кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM