Биз менен байланышыңыз

Эми Кыргызстанга кирген телефондор каттоодон өткөрүлөт

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 385 | 0

Кыргызстанга кирип жаткан ар бир уюлдук телефон идентификациядан өткөрүлөт. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитети тарабынан жактырылган.

Бирок президент кайра иштеп чыгууну тапшырган. Ага ылайык, өлкөгө кирген телефондор гана эмес, башка гаджеттерди да идентификациялоо сунушталды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев кабарлады.

Анын маалыматында, Бирдиктүү идентификация системасы түзүлөт. Буга чейин өлкөгө келген жабдуулар акысыз, жаңы алып келинген жабдыктар акылуу катталат. Азырынча баасы тактала элек.

Мобилдик эмес жабдыктарга – модем жана башка интернетке туташтырылып, маалыматты алмашууга мүмкүн болгон жабдуулар кирет.

«Идентификация мыйзамсыз импорт, экспортту көзөмөлдөйт. Чек арада товар киргизилип жатканда идентификациядан өткөрүп, номер берилет. Аны жаран сатып алса, салык төлөнүп киргизилген товар экени тастыкталат. Идентификациялоо жарандын жеке маалыматтары менен тиешеси болбойт. Коопсуздук жагынан көйгөй жаралбайт», — деди Дастан Догоев.

Ошол эле учурда өлкөгө киргизилген мобилдик телефондорду каттоо баалардын жогорулашына алып келиши мүмкүн экени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM