Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эл аралык «Үмүт» кинофоруму башталды

Кыска кабар | 21 Сен 2021 | 177 | 0

Бишкекте бүгүн, 21-сентябрда эл аралык «Үмүт» кинофоруму башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форумдун ачылышына министр Кайрат Иманалиев, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делус, Кыргыз Республикасынын эл артисттери, улуттук кино өнөрүнүн учурдагы залкарлары Айтурган Темирова, Гүлсара Ажибекова, ошондой эле бир катар киноишмерлер, маданият өкүлдөрү катышты.

Тогузунчу ирет өтүп жаткан бул кинофорум СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына арналды.

Ошондой эле форумдун алкагындагы фестиваль француз режиссёрлору Лорье Фурне жана Арно Альберолла тарткан «Адмирал Чумаков» тасмасы менен ачылды.

 Форум 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM